Радио

Турусбеков: Босфор кысыгын 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өттүм

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков 21-июлда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Босфор кысыгын сүзүп өтүү боюнча мелдешке катышып келгенин айтты.
Sputnik
Турусбеков: Босфор кысыгын 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өттүм

Стамбул шаарында жыл сайын уюштурулуп келген 31-континенттер арасындагы Босфор кысыгы аркылуу сууда сүзүү мелдеши өтүп, ага 10 кыргызстандык катышып келди. Бул тууралуу Бактыбек Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал Азия менен Европаны бөлүп турган кысыкты 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өтүп, улуу муун арасындагы категорияда тогузунчу келген.

"Бул масштабдуу спорттук иш-чарага 59 мамлекеттен 2400 киши катышты. Былтыр Ысык-Көлдү сүзүп өткөндөн кийин Босфор кысыгын да сүзүп өтүүнү ниет кылдым эле. Улуу муун арасындагы категорияда 89 кишинин арасынан финишке тогузунчу болуп келдим. Босфорду 1 саат 6 мүнөттө сүзүп өттүм. Алдыңкы орундарды италиялык, америкалык, түркиялыктар алды. Кыргызстандан менден сырткары 10дой жаш жигит да барган. Жыйынтыгында бул жактан баргандардын ичинен эң кыска убакта менин сүзүп өткөнүм белгилүү болду. Катышуучулар 6,5 чакырым аралыкта сүзүштү. Ошондой эле аларды медиктер жана куткаруучулар катерлер менен коштоп жүрдү. Спортук иш-чара өтө жогорку деңгээлде өттү", — деди эл өкүлү.

ЖК депутаты эми 18-августта өтчү Issyk Kul Swim Challenge 2019 аталышындагы мелдешке кызуу даярданып жатканын кошумчалады.