Радио

Кадырбеков: балаңдын кандай болушун кааласаң, өзүң ошондой бол

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков балдар ата-энесин көрүп тарбия аларын айтты.
Sputnik
Кадырбеков: балаңдын кандай болушун кааласаң, өзүң ошондой бол

Ата-эне балага өрнөк болушу керек. Өзү телефон чукулап отуруп, жанына келген баласын "китеп оку" дегени туура эмес. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, балага сөз менен тарбия берүү жетишсиз.

"Ата-эне баласынын китеп окушун кааласа, алгач колуна өзү китеп алуусу зарыл. А бизде аталар телевизордон эрежесиз эр таймашты, энелер чет элдик сериалдарды көрүп отуруп, жанына келген балдарына «китеп оку» деп буйрук беришет. Бул абдан туура эмес тарбия. Эгер баланы гаджеттерден алыс кылгың келсе, өзүң анын көзүнчө смартфон чукулап отурба. Мураскериңдин спорт менен машыгышын каалайсыңбы, алгач залга өзүң жазыл. Ата-энелер баласына өрнөк болмоюн, сөз менен эле айтып коюп, жеткиликтүү деңгээлде тарбия бере албайт", — деди Кадырбеков.

Ал ошондой эле балага жаш кезинде жасаган туура эмес иштерин айтып мактаныч кылуунун кереги жок экенин жана баланы ар дайым жылуу сөз менен сүрөп туруу зарылдыгын кошумчалады.