Атайдын бий тобу АКШдагы сынактын кийинки туруна өтпөй калды. Видео

Кечээ сынактын чейрек финалы өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандан барган Adem Dance бий тобу АКШнын America"s Got Talent сынагынын кийинки этабына өтпөй калды. Бул туурасында топтун Instagram баракчасында маалымдалды.

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жетектеген кыргызстандык бийчилер кечээ чейрек финалда өнөрүн тартуулаган. Мында алар музейди карактагандардын образын чагылдырышкан. Номерге калыстар жана көрүүчүлөр аябай суктануу менен караганы маалымдалат. Бирок упайды башка катышуучуларга берип койгон.

"Чын-чынына келгенде биз өзүбүздү абдан жакшы көрсөттүк. Калыстардын баары мында да тура калып кол чапты. Бийибизден бир да ката кеткен жок. Бийлегенден кийин калыстар бизди алкаганын видеодон да көрө аласыздар. Биз Американын эң эле белгилүү сахнасынан Кыргызстанды татыктуу көрсөтө алдык деп ойлойм. Бизге ишенип жана колдогонуңуздар үчүн ыраазчылык билдиребиз", — деп жазышкан бийчилер.

Heavy.com порталы America"s Got Talent сынагынын чейрек финалына 19 адам катышып, жарым финалга жетөө гана өткөнү айтылат.