Алмазбек Атамбаев Канттагы авиабазадан Москвага жөнөп кетти. Учактагы сүрөт

Атамбаев 25-июлда кечки саат жетиде кайра авиабазага келип конорун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун "Кант" авиабазасы аркылуу Москвага учуп кетти. 

Алмазбек Атамбаев Канттагы авиабазадан Москвага жөнөп кетти. Учактагы сүрөт

Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева "РусДжет" авиакомпаниясынын атайын учагы келгенин Facebook баракчасына жазды.

Атамбаев Канттагы авиабаза аркылуу коопсуздук үчүн учуп жатканын белгилеген.

"Самолет жеке да, аскердик да эмес. 25-июлда кечки саат жетиде Канттагы авиабазага келип конобуз", — деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевди коштогон кортеж Кантты көздөй кетти. Видео
Буга чейин мурунку президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мосвкага чакыруу менен баратканын айтып сапардын максаты тууралуу унчуккан эмес.

Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылгандан кийин анын Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары чогулган. Ошондон бери мурдагы президент тарапташтары менен ошол жерде. Ага ИИМге келип сурак берүү үчүн үч жолу чакыруу баракчасы келген. Бирок Атамбаев азыркы бийлик мыйзам талаасына түшүшү керектигин айтып, ИИМге барбай турганын билдирген.