Жолдубаева: Атамбаевди тосуп алган кортеж Кремлди көздөй бет алды

Атамбаев Канттагы ЖККУнун авиабазасынан учуп кеткен болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жанындагы  делегация Москва шаарынын "Внуково" аэропортуна конду. Ал жактан Федералдык күзөт кызматынын кортежи коштоп жүрөт. Бул туурасында мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ошондой эле ал кортеж Кремлди көздөй бет алганын белгиледи.

Эске салсак, Атамбаев бүгүн, 24-июлда, Канттагы авиабазадан Россияга учуп кеткен. Аны КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу, ЖК депутаты Асел Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Мурадил Мадеминов жана Ирина Карамушкина, ошондой эле кеңешчиси Кундуз Жолдубаева менен КСДПнын расмий өкүлү Темирлан Султанбеков коштоп кетти.

Мурдагы президент 25-июлда кечинде кайтып келерин билдирген. Бирок эмне максат менен Москвага баратканын ачыктаган эмес. Буга чейин жакын достору чакырып жатканын айткан болчу.