Бишкекте күйдүргү менен ооруган малдын көмүлгөн жайы текшерилди

Кыргызстанда аталган дарттан өлгөн мал көмүлгөн жерлер жылына эки ирет дезинфекцияланып турары айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы күйдүргү менен ооруган малдын көмүлгөн саркофагы текшерилди. Бул иш менен Ленин райондук өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча комитетинин атайын комиссиясы алек болгонун шаар мэриясы билдирди.

"Ленин районунун №3 аймактык башкармалыгына 12-августка чейин каражат бөлүп, саркофагдын жаратылыш шарттарынан улам жарака кетип калган жерлерин кайрадан бетондоп чыгуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

"Манас" аэропортунун кызматкерлери тамакка жапырт ууланды. Чоо-жайы
Ошондой эле кооптуу аймакты улам-улам таштандыдан арылтып туруу, анын тегерегине мал жолотпоо тапшырмалары коюлду.

Мындан тышкары, саркофагга тиешелүү аймакты кайрадан белгилеп, кооптуу жай экени тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде такталарды жаңылоо керектиги айтылды.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда күйдүргүдөн өлгөн мал көмүлгөн жерлер жылына эки ирет дезинфекцияланып турат.