Бишкекте 4-кабаттан кулап кеткен наристе кыздын абалы айтылды

Бөбөктүн мээси жабыркап, оң буту сынган. Учурда аны томографияга даярдап жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте төртүнчү кабаттагы үйдүн терезесинен кулап кеткен кичинекей кыз реанимацияда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен айтышты.

Кырсык 23-июль күнү болжол менен саат 18.30дарда Гагарин менен Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө болгон. Наристенин 2,5 жашта экени маалым болду. Күбөлөрдүн айтымында, бөбөк алгач темир тосмого тийип, андан кийин жерге түшкөн. Коңшулары дарыгерлерди күтпөстөн, кызды ооруканага алып жөнөшкөн.

"Наристенин абалы туруктуу. Мээси жабыркап, оң буту сынып кеткен, эсин жоготкон жок. Учурда дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө", — дешти министрликтен.

Ушу тапта кызды томографияга даярдап жатышканы белгилүү болду.