Америкалык мушкер россиялык атаандашын 12-секундада жыга чапты. Видео

Мушкерлер кеченин башкы беттешинде кармашкан. Жеңүүчүгө беттештеги эң көп делген гонорар — 50 миң доллар берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Сан-Антонио шаарында өткөн UFC турниринин алкагында оор салмактагы россиялык мушкер Алексей Олейник америкалык Уолт Харриске мөөнөтүнөн мурда утулду.

​Мушкерлер кеченин башкы беттешинде кармашып, Харрис Олейникти биринчи раунддун 12-секундасында тизеси менен башка тээп, андан соң муштуму менен чыкый тушка урган.

​Беттештен кийин жеңилген спортчу октагондон жардамчыларынын көмөгү менен кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк анын оң буту эки жеринен сынганы айтылды.

​Алексей Олейник UFC уюмунун ардагери катары таанымал. Аралаш мушташ турнирлеринде 1996-жылдан бери күч сынашып келет. Карьерасында 57 беттешти утуп, 13 ирет жеңилип, бир жолу тең чыккан.

BJPenn спорттук порталынын маалымдашынча, Харрис эң көп делген 50 миң доллар гонорар алган.