Радио

Сагынбаев: бильярд боюнча улуттук курама команданын машыкчу жайы жок

Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев спорттун аталган түрүн өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоо болбой жаткандыгын айтты.
Sputnik
Сагынбаев: бильярд боюнча улуттук курама команданын машыкчу жайы жок

Бүгүнкү күндө бильярд боюнча улуттук курама команданын машыга турган жайы жок. Бул тууралуу Каныбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан бильярдчылардын машыкчу базасы акыркы эки жылдан бери жабык турат.

"Кыргыз бильярдчылары дүйнө биринчиликтерин төрт жолу багындырды. Андан сырткары, спорттун ушул эле түрүнөн Кыргызстанда үч жолу дүйнө чемпионатын өткөрдүк. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик. Бирок, тилекке каршы, ушундай ийгиликтерди жаратканыбыз менен биздин учурда машыга турчу жайыбыз жок. Акыркы эки жылдан бери ар кайсы жакта жүрөбүз. Мындай абал бильярд боюнча дүйнөдөгү эң мыкты төрт команданын катарындагы өлкө үчүн уят көрүнүш. Кожомкул атындагы спорт сарайында 18 жылдан бери иштеп келген бильярдчылардын базасы бар болчу. Азыр жабык турат. Бул маселе боюнча өкмөт жетекчилигине чейин кайрылганбыз. Ал жактан абал оң жагына чечилген жана машыга турган база бизге 10 жылга акысыз ижарага бермек. Бирок эмнегедир Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги бул чечимди аткарбай, чоюп жатат", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал 8-августтан тарта 13-августка чейин Ысык-Көлдө бильярддын "Эркин пирамида" түрү боюнча дүйнө биринчилиги өтөрүн кошумчалады.