Полициянын семиз кызматкерлерин өкмөт арыктатат. Индонезиядагы тажрыйба

Тартип сакчыларына психологиялык да жардам көрсөтүлмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Индонезиянын Чыгыш Ява провинциясындагы полициянын ашыкча салмак менен жабыркаган кызматкерлери арыктоо үчүн Моджокерто шаарындагы атайын лагерге жөнөтүлгөнүн The Jakarta Post гезити жазды. 

Маалыматта 15-июлдан 26сына чейин улана турган фитнес-программага 50 кызматкер катышмакчы.

"Программа семиз кызматкерлердин салмагын азайтууга багытталган", — деп айтылат макалада.

Чоң курсактан бир айда кантип арылса болот. Адистердин аныктамасы
Арыктатуучу лагерде тажрыйбалуу диетологдор, фитнес машыктыруучулар жана медициналык кызматкерлер иштейт. Тартип сакчылар чуркап, сууда сүзүп, аэробика менен машыгат. Мындан тышкары, аларга психологиялык да жардам көрсөтүлмөкчү.

Мындай тажрыйба полиция кызматкерлеринин шамдагай, ыкчам болуусуна шарт түзөрү айтылды.