БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын алдыңкы улакчыларынын бири Манас Ниязов АКШнын көк бөрү командасын машыктыруу үчүн чакырылды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине улакчы өзү тастыктап берди.
Ниязов америкалыктардын сунушун азырынча кабыл ала элек. Бирок эгер шарты туура келсе барып машыктырууга даяр экенин билдирди.
"Былтыр Көчмөндөр оюндарында АКШдан келген көк бөрүчүлөр менен таанышканбыз. Алар мага белектерин берип, телефон номеримди алып калышкан. Бир ай мурун чалып чакырышты. Учурда жол-жобосу, шарт-талаптарын сүйлөшүп жатабыз. Эгер ылайыктуу болсо барып келем", — деди улакчы.
Манас Ниязов 26 жашта, Орто Азиядагы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө таанылган мыкты улакчылардын бири. Ош облусунун "Достук" командасынын негизги чабуулчусу. Кыргызстандын курама командасында дагы ойнойт. Бир нече ирет "Мыкты чабуулчу", "Мыкты улакчы" аталган. Ал ойногон "Достук" Кыргызстандагы күчтүү командалардын сап башында турат.
Ал эми АКШнын көк бөрүчүлөрү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында кандай ойношконун да көрүп коюңуздар.