БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстанда келгин куштардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Аталган мекемеден Кыргызстанга сейрек кездешкен 350дөн ашык жапайы канаттуулардын учуп келгени байкалгандыгын айтышты.
"Жергиликтүү куштарга аяр мамиле жасоо, үркүтүп-чочутпоо, өсүмдүктөргө кам көрүү туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат", — дешти агенттиктен.
Учурда Кыргызстанда жапайы жана сейрек кездешкен куштардын 400дөн ашуун түрү катталса, анын 57 Кызыл китепке киргизилген.