Ботаникалык бакка атайылап өрт коюшту. Окуянын видеосу

Кырсык болгон жерге бир өрт өчүрүүчү машина келген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта ири өрт чыкпашы үчүн куураган чөптөрдү атайылап өрттөп жатышат.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Ботаникалык бактын администрациясынан кабарлашкандай, чөп атайылап өрттөлүүдө. Жалын канча жерге жайылганы тактала элек.

"Ири өрт чыкпашы үчүн куураган чөптү атайылап күйгүзүп жатабыз. ӨКМ менен алдын ала макулдашылган. Алар өрттү көзөмөлдөө үчүн атайын өрт өчүрүүчү автоунаа бөлүп берди", — дешти администрациядан.

ӨКМдин маалымат кызматы өрт өчүрүүчү бир автоунаа окуя болгон жерде экенин ырастады.