БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында кайтадан ок атылды. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, тажик тараптан эки ирет ок атылып, чек арачылардын бирөө жаракат алган.
"Исфара — Ворух автотрассасындагы кыймыл токтоду. Андан сырткары, Тажикстан жарандары Исфана — Баткен жолун тороп алышты. Бүгүн эки тараптын чек ара ведомстволорунун жетекчилери жолугуп, сүйлөшүүсү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Чек арадагы чек ара тозоту күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.
"Чек ара кызматынын төрагасы, Баткен облусунун жетекчиси калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарын көздөй эки ирет ок атылган. Анын кесепетинен чек ара кызматынын бир өкүлү жаракат алды", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, тажикстандык чек арачылар тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылында тосулган жол Лейлек району жана Сүлүктү шаарына өтүүчү жалгыз жол болуп эсептелет. Учурда Лейлек тараптан Ошту көздөй келе жаткан унаалар жол жабылгандыктан өтө албай турат.
Баткен облустук администрациясынын маалымат катчысы Чолпон Бердикулова кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмодзода сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн кабарлады.
"Чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча биргеликте иш алып барып жатышат. Мадумаров азыркы тапта тажик тарабынан жабылган Орто-Боз айылындагы жолду ачуу үчүн жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", — деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ, 22-июлда, Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворухтун тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматы окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымалдыгын айтууда. Анткени мергенчинин мылтыгы атылган.