346 кишинин өмүрүн алган Boeing 737 MAX учактарынын "көрүстөнү". Сүрөт

Учууга тыюу салынган 35 учактын казкатар тизилип турганын сүрөткө тартып алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Улам кайталанган кырсыктан кийин учуусуна тыюу салынган Boeing 737 MAX үлгүсүндөгү учактар атайын жайда токтоп турат. Бул туурасында РИА Новости жызып чыкты.

Daily Mail басылмасы дүйнөдөгү эң чоң учак көрүстөнү аталган Түштүк Калифорниянын логистикалык аба майданында 35тен ашуун Boeing 737 MAX учагы казкатар тизилип турганын маалымдаган. Алар учууга уруксат берилгенге чейин ушул жайда кармалат.

​Boeing компаниясынын эң көп сатылган бул үлгүдөгү учагы 2018-жылдын октябрь айында Индонезияда кырсыкка учурап, 189 адам каза тапкан. Арадан төрт ай өтпөй Эфиопияда да кырсыктап, 157 киши набыт болгон. Компаниянын аткаруучу директору Деннис Муйленбург эки аварияда тең техникалык ката кеткенин моюндаган.