Бишкекте үч жашар кыз 4-кабаттан кулап кетти. Кырсык болгон жердин сүрөттөрү

Наристе эшиктин алдындагы темир тосмого, андан соң жерге түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында Садырбаев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине салынган көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан үч жаштагы кыз кулап кетти. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бөбөк улуу бир туугандары менен үйдө жалгыз болушу мүмкүн. Кырсык болору менен жабыркаган наристени коңшулар балдардын №3 клиникалык ооруканасына алып келишкен.

Ыкчам медициналык кызматтын маалымат борбору чакыруу болгонун тастыктап, дарыгерлер баргычакты кызды ооруканага алып кетишкенин айтты.

Бала эшиктин алдындагы темир тосмого, андан соң жерге түшкөн. Күбө кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери да келгенин кошумчалады.