Бишкектеги Ибраимов көчөсүнүн бир бөлүгүнө жарык коюлду

"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы 12 электр мамычасына эки көздүү  чырактарды орноткон.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ибраимов көчөсүнүн Лев Толстой жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы аймакка жарык коюлду. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Бишкектеги Ибраимов көчөсүнүн бир бөлүгүнө жарык коюлду

Аталган жайга "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы 12 электр мамычасына эки көздүү  чырактарды орноткон. 

Бишкектеги Ибраимов көчөсүнүн бир бөлүгүнө жарык коюлду

Ошондой эле, мэрия эгер калаанын кайсы бир жеринде жарыктандыруу көйгөйү жаралса "Бишкексвет" ишканасынын авариялык-диспетчердик кызматына (0312)46-30-89, 57-63-51 номерлери аркылуу кайрылып,  же 0777 902 115 WhatsApp номерине жазсаңыз болот дейт.