Салык кызматынын төрагасы алмашты

Өкмөт тараткан билдирүүдө Абжапаров иштен өз ыктыяры менен кеткени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өкмөт тараткан билдирүүдө Абжапаров иштен өз ыктыяры менен кеткени айтылат. Өкмөт башчынын башка буйругу менен Кабыл Абдалиев аталган кызматтын төрагасы болуп дайындалды.

Абжапаров бул кызматка 2018-жылы келген.