МГУнун филиалы Кыргызстанда качан ачылары айтылды

Окуу жайдын филиалын ачуу демилгеси буга чейин алты жолу сунушталып, бирок ал кыргыз тараптан эч кандай колдоо тапкан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен окуу жайдын филиалын ачуу боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Университеттин филиалын ачуу боюнча жол картасын талкуулоого Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да катышты.

"Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчылары 2020-жылды кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы деп жарыялады. КРдин Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени өкмөттөр аралык жолугушуулардын күн тартибине киргизүү боюнча аракеттерди баштады", — деди Кудайбердиева.

Аттестатты ката менен баскандардын кандай жаза алгандыгы айтылды
Жол картасын талкуулоо учурунда филиалды ачуу 2020-жылга пландалганы айтылат.

Эске салсак, 27-мартта Бишкекте өткөн ректорлордун форумунда МГУнун башчысы Виктор Садовничий университеттин филиалын Кыргызстанда ачуу үчүн алты жолу макулдугун бергенин билдирген.

Бирок сунуш кыргыз тараптан колдоо тапкан эмес. Коомдо бул маселе талкууга алына баштаганда президент Сооронбай Жээнбеков аны жеке көзөмөлүнө алганын айткан.