Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Жарадарлар бар

Чек арага жакын жайгашкан эл флагштоктун коюлушунан жаатташа кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, бир нече киши жарадар болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Жээнбеков менен Рахмон Ворухка барат. Кыргыз-тажик чек арасы талкууланат
Ага ылайык, Ворух (Тажикстан) айылынын тургундары кыштактын кире беришине флагшток коюуну каалашкан. Ал эми ага Ак-Сай (Кыргызстан) айылынын жашоочулары каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымал, анткени мергенчинин мылтыгы атылган.

Беш киши жаракат алып, Исфана — Ворух жолу жабылды. Окуя болгон жерге Мамлекеттик чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын жана эки тараптын тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келди.