Баткенде машина сайга түшүп кетип, 6 жашар бала чарчап калды

Издөө иштерине алты куткаруучу катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана — Андарак унаа жолунун 13-15-чакырымында Ford Transit үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен алты жашар бала жеринде чарчап, 38 жаштагы айдоочу жеңил жаракат алган.

Куткаруучулар бөбөктүн сөөгүн суудан чыгарып беришкен, унаа да алынган. Иш-чарага жалпысынан алты куткаруучу катышкан.