БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. АКШ космонавттарды Айга жөнөтүп, ал жакта бир нече убакытка калтырууну ойлонуп жатат. Бул тууралуу CBS телеканалы вице-президент Майк Пенске таянуу менен билдирди.
Пенстин айтымында, АКШ бийлиги космонавттарды 2024-жылга чейин жөнөтмөкчү.
"Бул жолкусу жөн эле сапар болбойт, биз ал жакта калууну пландап жатабыз. Расмий Вашингтон бул нерсени жүз пайыз колдойт. Алынган тажрыйбалар кишилерди Айга жөнөтүүдө чоң жардамын берет. Ошол эле учурда Марс планетасын багындыруу үчүн жаңы технологияларды ойлоп таап, ишке ашыруу керек. Мындай мүмкүнчүлүктү жана тажрыйбаны биз Айдан гана ала алабыз", — деди Пенс.
Ал президент Дональд Трамптын администрациясы НАСАнын "Артемида" программасын толугу менен колдой турганын белгиледи.