Жөн эле жаткан... Күтүлбөгөн жерден жылгаяк тепкен арстандын видеосу

Кениянын түштүк-батышындагы Мара-Масаи коругунда туристтерге жылмаюу тартуулаган арстанды видеого тартып алышкан.
Sputnik

Күбөлөрдүн видеосу популярдуу Caters Clips YouTube каналына жайгаштырылган.

Сафари-турларын коштоп жүрчү Дэвиж Гиттин айтымында, дөңдө жаткан арстан каптал жагына оодарылайын дегенде сыйгаланган бойдон бийиктиктен кулап түшкөн. Кокусунан эле жылгаяк тээп алган жырткыч күтүлбөгөн жерден бир жыргап алды көрүнөт.