БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 22-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Таласта +31…+36 градус болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында термометр +33…+38 градусту көрсөтөт. Ал эми Ысык-Көлдө +23…+28 жана Нарын аймагында +25…+30 градус болору болжолдонду.
Ош жана Бишкек калааларында күн ачык болуп, абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.