Бишкек: кичи райондун бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Адистер себебин айтты

"Түндүк электр" ишканасынан эмне үчүн мындай жагдай жаралгандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы "Жал" кичи районунун бир бөлүгү электр кубатысыз калгандыгын "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына жазышты.

"Түндүк электр" ишканасынан эмне үчүн мындай жагдай жаралгандыгын түшүндүрүштү.

"Электр кубатын бөлүштүрүүчү көмөк чордону сынып калды. Учурда ал жерде бригада иштеп жатат, жакында электр кубатын беребиз", — дешти аталган ишканадан.

Компания мындай ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурады.