Бишкекте элди көздөй кирип кеткен автоунаа. Учурда эмне болуп жатат? Сүрөттөр

Иш-чара бүгүн саат 15.00дө башталмак.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда дрифт боюнча өтүүчү чемпионатка даярдык учурунда автокырсык болду. Ал жерде милиция кызматкерлери иштин чоо-жайын тактап, айдоочу менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу  Sputnik агенттигине жерине барган кабарчы билдирди.

Эске салсак, бүгүн Бишкектеги "Жеңиш" аянтында  дрифт боюнча чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда бир автоунаа кырсыктаган.

"Милиция кызматкерлери автокөлүктүн айдоочусу менен сүйлөшүп жатат. Турнир токтотулганы айтылууда", — деди кабарчы.

Ошондой эле ал окуя тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары комментарий берүүдөн баш тарткандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, кабарчы күрөөчүлөр жана катышуучулар кетип жатканын билдирди.