Элди алдап жүргөн... Батир боюнча шектелген жарандын сүрөтү

Бардык кишилер анын тузагына бир схема менен түшкөн. Тергөөнүн алгачкы жыйынтыгына караганда, эң аз дегенде 39 миң долларга алдаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Борбор калаада батирлерди сатууда элди сызга отургузуп, алдап жүргөн деп шектелген киши кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.

Элди алдап жүргөн... Батир боюнча шектелген жарандын сүрөтү

Кармалган киши 2018-жылдын январь, февраль жана август айларында кылмыш жасаган деп шектелүүдө. Ар бир учурда окуя бирдей схема менен жасалган. Алгач, Кривоносов менен Циолковский атындагы көчөнүн жанына курулган үйдө элдин ишенимине кирген киши эки бөлмө батир алып берем деп акчаны алып, из жашырган.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, шектүү биринчи жолу 11 миң доллар, экинчи ирет 8 миң доллар, ал эми үчүнчү ирет 20 миң долларды чөнтөккө салган.

"2019-жылдын 17-июлунда кылмышка шектүү деп 42 жаштагы киши кармалып, Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.

Милиция буга окшогон окуядан жабырланып, акчасын алдаткандар болсо, 0(312) 44-44-57, 0(773) 097-185, 0(703) 905-295 жана 102 телефондору менен укук коргоо органдарына кайрылууну суранды.