Сооронбай Жээнбековдун алдында аскерлер айбатын көрсөтүштү. Сүрөттөр

Президенттин алдында чек араларды коргоо, жергиликтүү тургундарды көчүрүү, барымтага алынгандарды бошотуу, согушкерлерди курчоого алуу жана жок кылуу тапшырмалары ийгиликтүү аткарылды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш полигонундагы аскерий машыгууну көрүп келди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Сары-Таш — 2019" деп аталган атайын тактикалык машыгуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын планынын негизинде өткөрүлгөн. Ага Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокерлери катышкан.

"Машыгууларга өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы, президент Сооронбай Жээнбеков көз салып отурду. Ошондой эле ал курал-жарактар, аскер техникалары жана жабдыктар менен таанышты. Мамлекет башчы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү коопсуздукту камсыздоодо чоң жоопкерчиликти мойнуна аларын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Президенттин алдында чек араларды коргоо, жергиликтүү тургундарды көчүрүү, барымтага алынгандарды бошотуу, ошондой эле согушчандарды курчоого алуу жана жок кылуу тапшырмалары ийгиликтүү аткарылганы айтылат.

Иш-чарага Россиянын, Казакстандын, Индиянын аскерий атташелери, Кыргызстандагы "Кант" аскер базасынын жетекчилиги жана Кызыл Ай эл аралык комитетинин өкүлдөрү катышты.