Алты жаштагы балага кыйнап арак бергендер боюнча тергөө башталды

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Алты жашар балага кыйнап арак берген факты боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сузакта 11 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген эжеси: биринчи буттарын байладым
Билдирүүгө ылайык, 12-июль күнү дарыгерлер Жайыл РИИБине кайрылып, тестиер бала аракка ууланып ооруканага алынып келингенин билдиришкен. Учурда бала өзүнө келбей кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жабыркаган бөбөк 2012-жылы туулган П.Ю. аттуу бала экенин аныктаган. Андан соң милиция кызматкерлери анын 30 жаштагы энесин суракка алган.

"Апасы Ставровпаловка айылында 60 жаштагы адам менен чогуу жашап жүргөн. Алар 11-июлда түндө арак ичип отурушуп уруша кетишет. Эркек киши аялды сабап, ал качып кеткен. Түн ортосунда аял үйгө келип, баласынын уктап жатканын көрүп жатып алган. Эртең менен турганда баласынын абалын көрүп дароо ооруканага алып келген", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, тергөө маалында үй ээси тамак ичкиси келген баланын колуна помидор карматып, ага күч менен эки стакан аракты кыйнап ичиргени такталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси ("Өзүн-өзүн өлтүрүүгө түртүү") боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.