Кайненесин бычактап өлтүргөн күйөө бала. Оштогу каргаша

Сот отурумунда айыпталуучу кылганын мойнуна алып, кылмышты кантип жасагандыгын өзү билбей калганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кайненесин бычактап өлтүргөн жаран 12 жыл алты айга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында айтылат.

Каргашалуу окуя 2018-жылдын күз айларында Ош облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда 31 жаштагы жаран ичип алып кайын журтуна келип, кайненеси менен урушуп, аны бир нече жолу ашкана бычагы менен сайып жиберген. Жабыркаган аял райондук ооруканага жетпей көз жумган.

Сот отурумунда айыпталуучу кылганын моюндап, кайненесин кантип бычактаганын билбей калганын айткан.

"Кеч курун кайненемдикине барсам "эмнеге келдиң, сени кызым менен жашатпайм" деп урушуп кирди. Мен негизи ал жакка жаман оюм жок эле баргам. Ашканадан бычакты алып кантип сайып жибергенимди билбей калдым. Көчөгө чыгып колумду карасам кан болуп калыптыр, ошондо окуя болгон жерге милиция кызматкерлерин өзүм чакыргам. Ал биз менен чогуу жашап жүргөндө эле жаман сөздөр менен урушуп, психикалык жактан оорулуу болчу", — деп соттолуучу көрсөтмө берген.

Фемида өкүлдөрү эч жерде иштебеген үч баланын атасын 12,5 жылга темир тор артына кести.