Жекшембиге карата аба ырайы

Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жамгыр жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. 21-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Мээ кайнаткан аптап: дем алыш күндөрү 42 градуска чейин ысыйт
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +31 +36, Таласта +30 +35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +32 +37, Ысык-Көл өрөөнүндө +23 +28, ал эми Нарында +25 +30 градус ысык болот.

Ош, Бишкекте +34 +36 градус ысыса, Чолпон-Ата шаарында күндүн табы +23 +25 градуска көтөрүлөт.