Радио

Мырзабаев: Улуттук гвардиянын алгачкы курамында 300 гана жоокер болгон

Улуттук гвардиянын ардагери, запастагы полковник Таалайбек Мырзабаев аталган аскердик бөлүк 1992-жылы 20-июлда түзүлгөндүгүн айтты.
Sputnik
Мырзабаев: Улуттук гвардиянын алгачкы курамында 300 гана жоокер болгон

Улуттук гвардия жаңы түзүлгөндө 300 гана жоокерден турган курам мекен алдында алгачкы антын берген. Бул тууралуу Таалайбек Мырзабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган аскердик бөлүктүн жоокерлери алгачкы антын берген 20-июль генерал-полковник Абдыгул Чотбаев тарабынан Улуттук гвардиянын күнү деп белгиленген.

"1991-жылдын декабрь айында президенттин кыргыз армиясын түзүү тууралуу жобосу чыккан. Анын алкагында Улуттук гвардияны калыптандыруу тапшырмасы да бар болчу. 1992-жылы 20-июлда аталган талап аткарылып, ошол күнү 300 жоокерден турган Улуттук гвардиянын өздүк курамы мекен алдында алгачкы антын берген. Жаңы түзүлгөн аскердик бөлүккө генерал-полковник Абдыгул Чотбаев кол башчы болуп дайындалган. Ал бул датаны Улуттук гвардиянын күнү деп жарыялап, биз бул күндү 27 жылдан бери жыл сайын майрамдап келебиз", — деди Мырзабаев.

Ал ошондой эле Улуттук гвардиянын курамында ант берген алгачкы 300 жоокердин катарында ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров да болгондугун кошумчалады.