Олимпиада чемпиону Татьяна Колпаковага президент энчилүү саат белек кылды

Президент спортчу Колпакованын жеңиштери жаштарды жогорку ийгиликтерге жетишүүгө чакырарын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча олимпиада чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиадалык оюндардагы Татьяна Колпакованын эң сонун жетишкендиги анын талантынын, эрктүүлүгүнүн жана максатка жете билгендигинин жаркын күбөсү экенин белгиледи.

Мамлекет башчысы спортчу Колпаковага өлкөдө жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана жаш спортчуларды тарбиялоого кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал Колпакованын спорттук жеңиштери жаштарды жогорку ийгиликтерге жетишүүгө чакырарын кошумчалады.

Кичин: биз менен беттеште япон футболчуларына оңой болбойт
Сооронбай Жээнбеков белгилүү спортчуга Кыргызстанда спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ага президенттин энчилүү саатын белекке берди.

Эске салсак, 1997-жылдан бери жыл сайын Татьяна Колпакованын атындагы эл аралык турнир өтүп келет. Быйылкы мелдешке Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Индиядан 200гө жакын спортчулар катышты.