БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ош шаарында бир айлык кызын 30 миң сомго баалап сатып жаткан жеринен 22 жаштагы ата колго түштү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ага ылайык, шаардык милицияга калаанын Манас-Ата аймактык кеңешинин Касымбеков көчөсүндө ымыркайын сатууга кардар издеп жүргөн жигит тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Ымыркай учурда Ош шаардык реабилитациялык борборго өткөрүлүп берилген. Анын учурда эч кандай документи жок.
Алдын ала маалыматка караганда, ымыркайдын энеси 24 жашта, Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу. Ал 22 жаштагы жигит менен жарандык никеде жашап жүргөн.
Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны эки айга үй камагына чыгарды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 171-беренеси ("Адам сатуу") боюнча катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.