Нарындагы баннер: эмнеге Усубалиевдин сүрөтү деп башканы чаптап коюшкан. Чоо-жайы

Социалдык тармактарда Кыргыз ССР компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин Нарынга илинген баннеринде башка кишинин сүрөтү түшүп калганын жазып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Нарындын негизги көчөсүнө мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин утурлай илинген баннерде анын сүрөтүнүн ордуна башка кишинин сүрөтүн койгондор жоопко тартылат. Бул тууралуу Нарын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Кубанычбек Чымылдаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Социалдык тармактарда Кыргыз ССР компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин Нарынга илинген баннеринде башка кишинин сүрөтү түшүп калганын жазып чыгышкан. Баннерде Усубалиевдин сүрөтү деп башка адамдын — эмгектин ардагери Кыдырма Орозалиевдин сүрөтү чапталган. Орозалиевге жолдордун салынышына, транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу" деген наам берилген. Баннердин сүрөтү "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Чымылдаков кабарчыга аталган баннерди муниципалдык кызматтардын бири тапшырык менен жасатып, 17-июлда илгенин айтты.

"Аталган баннер 17-июлда кеч курун илинген экен. Чындап эле ката кетип, башка кишинин сүрөтү чапталып калыптыр. Аны биздин "Тазалык" муниципалдык ишканасы тапшырык берип жасатыптыр. Ката жергиликтүү басмаканадан кеткен экен. Муниципалдык ишкана текстин гана жазып бериптир, басмакана сүрөттү коюп, дизайнын жасаган. Ката кеткени байкалгандан кийин эле алынып, азыр жаңысы  даярдалууда. Бүгүн кечки саат сегизде илинет", — деди Чымылдаков.

Ал ошондой эле кызматтык териштирүү болорун, тийиштүү кызмат адамдарына чара көрүлөт деп ишендирди. Андан сырткары келе жаткан дүйшөмбү, шейшемби күнү териштирүүнүн жыйынтыгы чыгарын кошумчалады.