Түрмөдөгү Гүлнара Каримова Тез жардам менен ооруканага жеткирилди

Каримова Ташкент облусунун Заңги-Ата районундагы аялдардын №21 колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова кармалып турган абактан Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу анын жактоочусу Грегуар Манжа билдиргенин РИА Новости жазды. 

​Жактоочу ага Каримова менен түрмөдөн жолукканга уруксат берилбегенин айтты. Абак жайдын жетекчилиги Манжадан ал чындап эле Каримованын адвокаты экенин тастыктаган документти талап кылып жатышканын билдирди.

Каримованын кызы энесинин байлыктары Өзбекстанга кайтарылганын билдирди
Өзбекстандын Юстиция министрлиги Каримова Ташкент облусунун Заңги-Ата районундагы аялдардын №21 колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жатканын маалымдаган. Аны менен катар, берилип жаткан медициналык жардамга жана жасалган мамилеге даттанбаганы кабарланган.

Эске салсак, Гүлнара Каримова 2015-жылы камакка алынган.

2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң өкүм өзгөртүлүп, 5 жылга алмаштырылган. Кызы Иман жашап жаткан жерде жазасын өтөө чечими кабыл алынып, бирок милдеттеринен кыянатчылык менен баш тартса, сот чечимин өзгөртүшү мүмкүндүгүн айткан.

Андан кийин Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган. Ушу тапта ал жазасын мыйзамдык шартта өтөп жатат.