Тилинен тапты! Жаалданган кыздын дин кызматкерин сахнадан жыга түрткөн видеосу

Бразилиянын Сан-Паулу шаарында чиркөө кызматкери ойлонбой сүйлөп алганы үчүн "жазасын" алды.
Sputnik

Концерттик залда чогулган миңдеген адамдардын алдында сүйлөп жаткан дин кызматкери "бейиште толуктарга орун жок" деп айткан сөзү үчүн жагымсыз жагдайга кабылды.

Өспүрүм эл өкүлүн жумуртка менен башка койгон. Австралиядагы окуянын видеосу
Ал оозун жыйып алгыча сахнанын чет жагынан чуркап келген толук кыз сүйлөп жаткан адамды жыга түрткөн. Ал чогулгандардын биринчи катарына кулап түшкөн.

La Vanguardia гезитинин жазганына караганда, окуя 50 миң кишинин көз алдында болгон. Аны тартып алгандар видеону социалдык тармакка жайгаштырды.

Анын алдына комментарий жазгандар киши сөзүнүн аягына чыкканча кыз түртүп жиберди деген пикирлерин калтырган.

Кыз мындай кылыгы үчүн камакка алынган. Чиркөөнүн Twitter аккаунту дин кызматкери олуттуу жаракат албагандыгын кабарлаган.