7 метр алыс туруп каалаганын өрттөп иет. От бүрккөн дрондун видеосу

Американын от бүрккөн учкучу жок аппаратын сыноодон өткөрүп жаткан учур видеого тартылып, YouTube тармагына жүктөлдү. 
Sputnik

Кадрларда көрүнүп тургандай, TF-19 Wasp деп аталган дрон болжолдуу бутадан жети метр алыстыкта туруп, ага от чачат. 

TF-19 Wasp аппараты плазмалык от жандыруу системасы менен иштейт. Ал 3,7 литр күйүүчү майды сарптап, 100 секунддун ичинде каалаган нерсени өрттөп салууга жөндөмдүү.

Дрон айыл чарба муктаждыктары үчүн жасалганы айтылат.