Радио

Рыспаева: кыргыз тилиндеги химия китептерин көбүрөөк басып чыгарыш керек

Кыргыз Билим берүү академиясынын кызматкери Бактыгүл Рыспаева химия сабагы өлкөнү өнүктүрүүчү илимдердин сап башында турарын айтты.
Sputnik
Рыспаева: кыргыз тилиндеги химия китептерин көбүрөөк басып чыгарыш керек

Химия предметин кыргыз тилинде көбүрөөк окутууга аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Бактыгүл Рыспаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен "Химияны окутуунун технологиялары" аттуу окуу-усулдук колдонмосун чыгарган.

"Окуучуларга жана студенттерге химия илимин жогорку деңгээлде окутуу менен Кыргызстанды дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына чыгара алабыз. Ошол эле убакта окуу-усулдук колдонмо китептер кыргыз тилинде чыгарылган болсо, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө да салым кошкон болобуз. Негизи эле кыргыз тилиндеги химия китептерин көбүрөөк басып чыгарышыбыз керек. Бул жаатта Билим берүү жана илим министрлиги колунан келишинче аракет кылып, жыл сайын авторлор үчүн сынак жарыялап, комиссия тандап алган эмгектер китеп болуп басылып чыгууда", — деди Рыспаева.

Ал ошондой эле окуучулар өзүн-өзү өнүктүрүүгө багытталган китептерди да окуп турушу керектигин кошумчалады.