Өзбекстанда Россияга бараткан мигранттарга имам аэропорттон насаат айта баштады

Иш-чара Диний иштер боюнча комитет иштеп чыккан мамлекеттик программанын негизинде жүргүзүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Өзбекстандын Наманган шаарынын аэропортунда имамдар Россияга кетип бара жаткан мигранттарга акыл-насаат айта баштады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, дин кызматкери мигранттарды мекенин, үй-бүлөсүн сатып кетпөөгө жана террористтик уюмдардан оолак болууга чакырууда.

"Наманган" аэропортунун өкүлү журналисттерге билдиргенине караганда, иш-чара Диний иштер боюнча комитет иштеп чыккан мамлекеттик программанын негизинде жүргүзүлүүдө.

"Россияга бара жаткан мигранттарды көчөдөн бир жерге чогулта албайсың. Ал эми аэропорттун күтүү залы эң ыңгайлуу жай. Бул акыл-насааттарды Наманган облустук дин башкармалыгы катуу көзөмөлдөп жатат", — дешти аэропорттон.

Өзбекстан: аткаминерлердин айткандарын акмалап турчу сайт ачылды
Sputnik Өзбекстан агенттигинин жазганына караганда, акыркы жылдары "Ислам мамлекетинин" катарына кошулуу үчүн Борборбук Азия өлкөлөрүнөн 4,2 миңдей адам Ирак жана Сирияга кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Тажистандын жарандары. Буларга тетири үгүттөр көбүнесе интернет аркылуу жана сыртка чыкканда жасалары айтылат. Андыктан, алыска бара жаткан мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максат кылынган.