Мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M-1 уюмунда беттешпей калды

Кыргызстандык спортчу 20-июлда россиялык Андрей Лежнев менен күч сынашмак.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Мушкер Бусурманкул Абдубаит уулунун M-1 уюмундагы кармашы кийинки турнирлерге жылдырылды. Бул туурасында ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

Эске сала кетсек, Абдубаит уулу 20-июлда Ингушетиянын Таргим шаарында жергиликтүү спортчу Андрей Лежнев менен беттешмек.

Аталган уюм Instagram баракчасы аркылуу Таргим шаарындагы турнир Ингушетиядагы административдик өзгөрүүлөргө байланыштуу өтпөй калганын билдирип, спорт күйөрмандарынан кечирим сураган.

Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки атаандашы белгилүү болду
Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунда 2017-жылдан бери күч сынашып келет. Алгачкы ирет бразилиялык Диего Давелло менен беттешип тең чыкса, кийинки реванш-кармашта Давеллону утуп алган. Ошондон кийин уюм спортчу менен эки жылга келишим түзүүгө кол сунган.

Соңку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген.

M-1 жыл башында кыргызстандык мушкер быйыл чемпиондук наам үчүн беттешүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген.