БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы салыктарды төлөбөстөн Кыргызстанга кымбат баалуу Lexus менен Chevrolet үлгүсүндөгү машиналарды мыйзамсыз алып киргендерди кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспортторду каттоо департаментинде иштегендерге карата кылмыш ишин козгоду. Алар жең ичинен сүйлөшүп алып Бажы биримдигине кирбеген Прибалтика, АКШ жана Грузия мамлекеттеринен алынып келген автоунааларды бажы төлөмүн албастан каттаган", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекетке келтирилген чыгым 2 миллион 608 миң сомду түзгөн.