БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынты боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Кол коюлган документтер:
— 2016-жылдын 11-июлундагы Кыргызстан менен Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;
— Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Деңиз институтунун ортосундагы меморандум;
— Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Кореянын Тышкы иштер министрлигинин улуттук дипломатиялык академиясынын ортосундагы меморандум;
— Кыргызстан менен Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашуу.
Эске салсак, 2019-жылдын 17-июлунда Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.