"Корея бизди кызыктырат". Абылгазиев менен Ли Нак Ён кызматташууну талкуулады

Ли Нак Ён Кыргызстанга биринчи келген Кореянын өкмөт башчысы болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Түштүк Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанды кызыктырарын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн Кореянын өкмөт башчысы Ли Нак Ён жана Абылгазиев аталган өлкөнүн эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин "Менин айылым" долбоорунун бет ачарына катышкан.

Ал жерде эки тараптуу кызматташуу боюнча да сөз болгон.

"Сиз Кыргызстанга келген Корея Республикасынын биринчи премьер-министри болдуңуз. Бул иш-сапарыңыз – эки жактуу алакалардын жаңы барактарын ачып жатат", — деди Абылгазиев.

Кыргызстанга Түштүк Кореядан келген туристтердин саны өсүп баратат
Ал аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Кореянын тажрыйбасы өтө кызыктыраарын белгилеген.

"Айрыкча, биз үчүн айылдарды өнүктүрүү боюнча "Менин айылым" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча тажрыйба кызыктуу. Анын аркасында Кореядагы айылдар ийгиликтүү өнүгүп жатат. Бул Корея Республикасына кыска мөөнөттүн ичинде айыл жерлеринин экономикасын жандандырууга көмөк берди. Биз бул корей долбоорун кыргыз айылдарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыктык. Ошол эле учурда "Менин айылым" корей долбоору кыргыздын салттуу "Ашар" ыкмасы менен өтө окшош", — деди кыргыз премьер-министри.

Ал элетте бул долбоордун идеялары ишке ашып, жакшы майнап берет деген ишенимин кошумчалаган.