Радио

Дамир уулу: өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүүгө Швейцария жардам берет

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу Кыргызстан-Швейцария ортосунда туризмди өнүктүрүү багытында 10 жылдык программа кабыл алынгандыгын айтты.
Sputnik
Дамир уулу: өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүүгө Швейцария жардам берет

Өлкөдө кышкы туризмди, анын ичинен тоо лыжасын өнүктүрүүгө Швейцария Конфедерациясы жардам берет. Президент Сооронбай Жээнбековдун аталган мамлекетке болгон иш сапарында тиешелүү документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун алгачкы иштерин баштоого эки жыл аралыгында 1,4 миллион франк (99 миллион сомго чукул) каражат бөлүнөт.

"Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү багытында эки өлкө ортосунда 10 жылдык программа түзүлдү. Анын алкагында алгач Чүй жана Ысык-Көл облустарында тоодогу лыжа базаларын заманбап жабдуу, жергиликтүү тургундарды бул бизнеске аралаштыруу каралат. Баштапкы эки жылдык иштерге кетчү каражаттын суммасы белгиленди. Ал эми калган сегиз жылдык пландар алгачкы иштер аткарылган соң чечилет", — деди Дамир уулу.

Аткаминер бардык берилчү каражаттар кайтарымсыз — гранттык негизде келерин кошумчалады.