Урсула фон дер Ляйен Европа комиссиясынын төрайымдыгына шайланды

Мурдагы төраганын кызмат мөөнөтү быйылкы жылдын октябрь айында соңуна чыгат да, ноябрь айында жаңы жетекчи кызматына келип калат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Европа комиссиясынын төрайымы болуп Урсула фон дер Ляйен беш жылга шайлангандыгын РИА Новости жазды. 

Европа парламенти (ЕП) талапкер боюнча бир топ талкуу кылып, андан соң бекитти.

"Бул үчүн 374 добуш керек болсо, Урсула фон дер Ляйен 383 добуш алды", — деп билдирген аталган парламенттин башчысы Давид Сассоли.

Мурдагы төраганын кызмат мөөнөтү быйылкы жылдын октябрь айында аягына чыгат да, ноябрь айында жаңы жетекчи кызматына келип калат.

Кызматкер аялдын чачын уйпалап. Еврокомиссиянын президенти Юнкердин окуясы
Европалык саясатты иликтөө боюнча борбордун материалында, Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин башчыларынын Саммитинен Германиянын Коргоо министри фон дер Ляйенге жаңы кызматка келер алдында бир топ сын айтылган. Бул анын жеке өзүнүн компетенциясы жана процедура боюнча болгон эле.

Евробиримдиктин парламентинин депутаттары кандидатты шайлагандагы Саммиттин процессин сөз кылышкан. Себеби, биримдиктин өлкөлөрүнүн жетекчилери тарабынан ЕПтеги негизги партиялардын өкүлдөрүн келбеши керек деп айтылган.

Учурда Европа комиссиясын Жан-Клод Юнкер жетектейт.