"Манас" эл аралык аэропорту алты айда 1,7 миллионго жакын жүргүнчү тейлеген

Жарым жыл ичинде 14 782 каттам ишке ашырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту алты айда 1 миллион 694 миң 639 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирди.

Тамчыга Казакстандан туристтерди ташып келген учак конду
Анын ичинен 1 миллион 106 миң 470 киши эл аралык каттам менен учкан.  Ал эми жарым миллиондон  ашуун мекендештерибиз ары-бери каттаганда авиация кызматын пайдаланган. Тагыраагы, ички каттам боюнча "Манас" 588 миң 169 кишини тейлеген.

Жарым жыл ичинде 14 782 каттам ишке ашырылган.  Анын 9,5 миңге чукулу эл аралык багыттар боюнча учса, калган 5 153 каттамы Кыргызстандын ичинде болгон.