Кыргызстандын жөө күлүктөрү Белоруссиянын ачык чемпионатына катышат

Өлкө намысын беш спортчу коргойт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жеңил атлетчилери 17-июлдан 21-июлга чейин өтө турчу Белоруссиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик спорт агенттиги билдирди.

UFC уюмундагы "Темир айым" атаандашын 16 секундада сулата чапты. Видео
Бул беттеште Кыргызстандын намысын беш спортчу коргойт. Алар: Дарья Маслова, Самат Казакбаев, Мусулман Жоламанов, Нурсултан Кеңешбеков, Данияр Арыпбаев. Андан сырткары, спортчуларды башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаев менен машыктыруучу Татьяна Борисова коштоп барат.

Жөө күлүктөрдүн эл аралык турнирге катышуусун камсыз кылуу үчүн Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынан 519 миң сом каралган.