Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри келди. Сүрөт

Иш сапардын алкагында кыргыз-корей форуму өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Аба майданынан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Токаев Кыргызстанга күзүндө мамлекеттик сапар менен келмекчи
Иш сапардын алкагында кыргыз-корей форуму өтөт. Мындан тышкары, аталган өлкөдөн келген 50 компаниянын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештери менен "В2В" форматында жолугат.

Ал эми өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы соода, айыл чарба, туризм, энергетика, транспорт, саламаттыкты сактоо жана маданият жааттарындагы кызматташуу боюнча талкуу жүргүзөт.

Ошондой эле кадырлуу конокту өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кабыл алары айтылды. Анда бир катар документтерге кол коюлат.