КРдин футбол командасы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда кимдер менен ойнойт

Курама командалардын оюндары быйыл күздө башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча командасынын дүйнөлүк чемпионатка карата тандоо турундагы Азия өлкөлөрү арасындагы каршылаштары аныкталды.

Чүчү кулак кармоо Малайзияда өткөн. Континенттин 40 командасы сегиз топко беш команда болуп бөлүнгөн.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болду.

Кыргызстандыктардын биринчи беттеши 5-сентябрда Мьянмада өтөт. Ал эми 10-октябрда Бишкекте тажикстандыктар менен кез келет. Тайпанын фаворити Япония менен 14-ноябрда Бишкекте оюн көрсөтүшөт.

Тайпалар:

  • A: Кытай, Сирия, Филиппиндер, Мальдивы, Гуам;
  • B: Австралия, Иордания, Кытай Тайбэй, Кувейт, Непал;
  • C: Иран, Ирак, Бахрейн, Гонконг, Камбоджа;
  • D: Сауд Аравия, Өзбекстан, Палестина, Йемен, Сингапур;
  • E: Бангладеш, Оман, Индия, Афганистан, Катар;
  • F: Япония, Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма, Монголия;
  • G: БАЭ, Вьетнам, Таиланд, Малайзия, Индонезия;
  • H: Түштүк Корея, Ливан, Кытай, Түркмөнстан, Шри-Ланка.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришкендей, жалпы жонунан 12 команда (группалардын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду алган төрт команда) 2023-жылы өтө турган Кытайдагы Азия кубогуна автоматтык түрдө өтөт. Ошондой эле Катарда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн күрөштү улантышат.